Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев мектеп-интернаттын жана реабилитациялык борбордун тарбиялануучуларын келе жаткан Жаңы-жылы менен куттуктады

УКМК башчысы балдарга белектерди тапшырды

Жаңы жылдын алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баш калаадагы угуусу начар жана укпаган балдар үчүн No21 адистештирилген мектеп-интернатына, ошондой эле «Нур+» реабилитациялык борборуна барды.

Мамлекеттик комитеттин башчысы мектеп-интернаттын жалпы жамаатын жана окуучуларын келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына чың ден-соолук каалады. Андан соң УКМКнын жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жаңы-жылдык белектер тапшырылды.



Мектеп-интернаттын тарбиялануучулары жакшы каалоо-тилектерин айтышып, жаңы-жылдык программаны көрсөтүштү.

Жыйындын соңунда аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

Андан соң Камчыбек Ташиев «Нур+» реабилитациялык борборуна барып, жалпы команданы жана балдарды келе жаткан Жаңы-жылы менен куттуктады. Ошондой эле бөлүмдүн өздүк курамынан жаңы жылдык белектер тапшырылды.


No21 мектеп-интернатынын жана «Нур+» реабилитациялык борборунун жетекчилиги колдоо көрсөтүп, белектери үчүн Камчыбек Ташиевге жана УКМКнын бардык кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.

УКМК басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх