Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Екатеринбургда кыргызстандыктарга алгачкы улуттук сертификаттар тапшырылды

Мекендештер өлкөнүн жетекчилигине жана КРнын мамлекеттик органдарына ыраазычылыктарын билдиришти

Бир күн мурун Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Руслан Бийбосунов Кыргызстандын жарандарына алгачкы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү тапшырды.

Россиянын Урал облусунда жүргөн кыргызстандыктардын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн Башкы консулдук 17-январдан тарта документтерди кабыл ала баштады. Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдук мекемесине Бишкекте жасалган алгачкы маалымкаттар келе баштады.


Алгачкы жолу өз мекенинен алыс жерге жаңы улуттук айдоочулук күбөлүктөргө ээ болгон мекендештер Кыргызстандын өлкө жетекчилигине жана мамлекеттик органдарына чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Аталган консулдук кызматты киргизүү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын жарандарынын келүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жеңилдетүү максатында ишке ашырылган. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх