Бишкектин борборунда бала ата-энесинин көзүнчө кокустан ачык люкка түшүп кетти (фото)
Мэрия люктун эмне себептен ачык калганын териштирүүнү убадалап, маселени чечүүнү тиешелүү кызматтарга тапшырды
Бишкекте бала ата-энесинин көзүнчө ачык люкка түшүп кетти. Бул тууралуу ачууланган ата-энелер Instagram баракчасына жазып чыгышты.
"Кечээ биз балдар менен дүкөнгө бардык, балдар газондо басууну суранышты", - деп жазган "Черный список KG" группанын катталуучусу. - Чокморовго жете электе кичүү уулум менин көз алдымда жерге кулап, бакырып жиберди. Биз чуркап чыктык - ачык люк (2м) суусу бар. Күйөөм ошол замат ичине кирип, баламды алып чыкты. Бала коркуп калды(3 жыл). Бактыга жараша эч нерсе сындырбай, сууну жуткурбай алып чыкты. Күүгүм кирип, биз тротуардан люкту көрбөй калдык, аны уулубуз чөптүн арасынан байкаган жок. Мэриядан Манас-Чокморов кесилишиндеги ачык люкка көңүл бурууну талап кылабыз.
Ал арада Vesti.kg сайтынын редакциясы комментарий алуу үчүн Бишкек шаардык мэриясына кайрылды.
«Кыйынчылык бизде байланыш үчүн жооптуу бир нече кызматтар бар», - деп жооп берди муниципалитеттин басма сөз кызматы. - Булар жылуулук тармактары, суу каналдары, телефон байланыштары. Бирок арызга сөзсүз жооп беребиз, текшеребиз. Ал эми маселе жаралса, тиешелүү кызматтар чечет.
Михаил Готфрид
Сүрөт www