Токмокто Бурана мунарасынан кыз кулап каза болду
Милиция бул өзүн-өзү өлтүрүү болушу мүмкүн деп шектенүүдө
Токмокто 25 жаштагы кыз Бурана мунарасынан кулап каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын маалыматына караганда, тарыхый комплекстин кызматкерлери менен зыяратчыларды суракка алуу учурунда кыз мунарага жалгыз келип, комплексте эч ким жок болгон учурда өйдө көтөрүлүп кеткени белгилүү болгон. Маркумдун сөөгүн кийин зыяратчылар табышкан. Кыз жергиликтүү тургун болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бул өз жанын кыюу болушу мүмкүн.
«Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», - деп билдиришти укук коргоо органдарынан. — Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.
Сүрөт www