Токмокто чагылган түшүп бир кыз каза болду
Дагы эки өспүрүм күйүк алып ооруканага жеткирилген
Токмокто чагылган түшүп, 14 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 2-июнда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө мектептердин биринин спорт аянтчасында жашы жете элек кыз чагылган түшүп каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
«Алынган маалымат боюнча, тергөө-ыкчам тобу дароо чыгып кеткен», - деп белгилешти ШИИБден. - Окуя болгон жерден балдар спорт аянтчасында волейбол ойноп жатышкан экен. Чагылгандан кийин үч өспүрүм жабыркады: 2008-жылы туулган кыз эсине келбей ошол жерден каза болду, 2005 жана 2009-жылы туулган дагы эки жашы жете элек бала күйүк алды. Жабыркагандар жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Сүрөт www