Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын ат спорту боюнча курама командасы Москвада өткөн мелдеште 12 медаль утту

Биздин команданын эсебинде 3 алтын, 5 күмүш жана 4 коло байге бар

Москвада Maxima Masters мелдеши аяктап, кыргызстандыктар 12 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кыргызстандын ат спорту федерациясынан билдиришти.

-Жеке жана командалык оюнда кырдаал курч болду, бирок биздин команда бизди капа кылган жок, - деп белгилешти Федерациядан. - Жыйынтыгында команданын эсебинде 12 медаль бар. Ринат Галимовдун эсебинде эки коло, эки күмүш жана бир алтын медаль бар. Камил Сабитовдун эки коло, бир күмүш жана бир алтыны бар. Андрей Тряпицинде эки күмүш жана бир алтын сыйлык бар. Спортсмендер эң сонун натыйжаларды көрсөтүштү. Кийинки жумада аларды жаңы мелдештер күтүп турат – ат оюндары боюнча Евразия чемпионатында.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх