Милиция кызматкерлери кызды зордуктаган окуя. Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок
Судья бир күбөнүн келбей калганына байланыштуу эртеңкиге тыныгуу жарыялады
Бишкектин Свердлов райондук сотунда милиция кызматкерлери тарабынан 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча чуулуу иш каралууда.
Жабырлануучу тараптын жактоочусу Тимур Султанов Vesti.kg сайты менен болгон маегинде билдиргендей, соттук отурумга көрсөтмө бериши керек болгон күбөлөрдүн бири келбей калгандыктан, судья тыныгуу жарыялаган.
Султановдун айтымында, соттолуучулар күнөөсүн мойнуна алышкан жок.
- Айыпталуучулар күнөөсүн мойнуна алышпайт, - деп түшүндүрдү адвокат. - Азырынча сот жабык эшик артында өтүп жаткандыктан анын мазмуну боюнча комментарий бере албайм. Бүгүн күбөлөр суралып, бирок алардын бири келбей калгандыктан, сот тыныгуу жарыялады.
Мындан тышкары Султанов судья Акыйкатчынын өкүлдөрүн процесске киргизбей койгонун тастыктады.
Эске салсак, 2022-жылдын март айында 13 жаштагы кыз зордукталганы тууралуу маалымат чыккан. Ошол эле учурда эки милиция кызматкери жана бир жаран кармалган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо) боюнча кылмыш иши козголду. Кийинчерээк соттук-медициналык экспертиза кызга карата системалуу зомбулук фактысын тастыктаган.
Кыздын атасынын айтымында, кызынын зордуктоо окуясы 2021-жылдын август айында башталган. "Дордой" базарынын сатуучуларынын бири кызды уурулук кылды деп айыптап, райондук милиция кызматкерине өткөрүп берип, милиция кызматкерлери аны ээн жерге алып барып, унаага салып зордуктап салган. Маалым болгондой, кыз коркконунан үй-бүлөсү менен болгон окуяны бөлүшкөн эмес.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www