Токмокто адам кан тамырлары кесилип 9-кабаттан секирүүгө аракет кылган
Куткаруучулар адамга жардам берүүгө жетишкен
Токмокто 40 жаштагы адам 9-кабаттан секирип кетүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалыктын айтымында, адам алгач тамырын кесип, андан соң курулуп жаткан тогуз кабаттуу үйдөн секирүүгө аракет кылган.
"Окуя болгон жерге барган куткаруучулар адамды имараттан түшүрүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, милиция жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз