Москва облусунда кыргызстандык электр поездинин дөңгөлөктөрүнүн астында калып каза болду
Маркум юридикалык факультеттин студенти болгон
Москва районунда кыргызстандыкты электр поезди сүзүп кетти. Окуя тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
«Москва облусунда бир кечинде, саат 22.30дан 22.55ке чейин жарым сааттын ичинде үч адам электр поездинин дөңгөлөктөрү астында калып каза болду», - деп билдирди журналисттерге укук коргоо кызматкерлери. – Каза болгондордун бири Кыргызстандын жараны, ал 21 жашта. Кырсык Беларусь багытындагы "Перхушково" станциясында болгон. Жигит юридикалык академияда окуган».
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз