­
Кыргызстанда бир жумада 1000дей жөө жүргүнчү жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жумада 1000дей жөө жүргүнчү жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды

Жети күндө жолдордо 16 миң 726 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Апта ичинде Кыргызстанда 1000ге жакын жөө жүргүнчү жол эрежесин бузганы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ИИМдин ГУБДБдан билдиришти.

«Өткөн жумада жалпысынан 16 миң 726 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды», - деп билдирди басма сөз кызматы. - Баарынан да транспорт каражатын башкаруу эрежелерин бузуу (5 миң 438), жол белгилеринин талаптарын аткарбоо (5 миң 295), айдоочулар тарабынан ылдамдыкты чектөө (3 миң 654) боюнча. 955 жөө жүргүнчүгө негизинен туура эмес жерден өтүп, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салынган. Ошондой эле белгилей кетүү керек, жол кырсыгынан жабыркаган жөө жүргүнчүлөр көбүнчө өзгөчө кырдаалдардын жаралышына себепкер болушат. Андыктан, ИИМдин ГУОБДД баардык жол кыймылынын катышуучуларына кайрылып, жол эрежесин бузбоону өтүнөт.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх