Кыргызстандык күчтүү жигит Алексей Тепляшин үч автобусту бир убакта жылдырганы жатат (фото)
Эртең “Ынтымак-2” сейил багында өзүнүн рекорддук жетишкендигин көрсөтүүгө даярданып жатат
Эртең, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкек шаарындагы Ынтымак-2 сейил багында Жаза аткаруу кызматынын ардагери Алексей Владимирович Тепляшин рекорддук жетишкендигин көрсөтүүгө даярданып жатат.
Күчтүү адам бир убакта үч автобусту жылдырып, шаардыктарды жана борбордун конокторун таң калтырганы жатат!
Маданий-спорттук акцияны ИИМдин Ички аскерлердин ардагерлеринин коомдук бирикмеси жана ДОК СИН «Сый-Урмат» коомдук бирикмесинин жетекчилиги уюштурууда.
Иш-чара 16.30да башталат.
«Ынтымак-2» сейил багы Токтоналиев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде («Ынтымак» (Масалиев \ Мира проспекти), Family Park (Махабат паркы) жана Адинай паркынын жанында) жайгашкан.
ИИМдин басма сөз кызматы
сүрөт КӨК