Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар камакта калтырылды

Саясатчы, активисттерди кармоо мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын карап, чечим чыгарды.

Алардын ичинен Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова дарыланууда.

Төмөнкү саясатчы, активисттер 20-апрелге чейин камакта калтырылды:
Акылбек Айтбаев, Айданбек Акматов, Бектур Асанов, Марат Баязов, Атай Бейшенбек, Азимбек Бекназаров, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Таалайбек Мадеминов, Улукбек Маматаев, Темир Махмудов, Жеңиш Молдокматов, Али Шабдан.

Ал эми Нурлан Асанбековдун жана Орозайым Нарматованын үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды. Асия Сасыкбаева, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева жана Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасын узартуу боюнча соттук отурум боло элек.

Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Кийин бул ишке «жашыруун» деген гриф коюлган, ИИМ тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.


фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх