Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кадамжайда 9,8 га жер тилкеси мыйзамсыз менчикке берилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду

34 млн 600 миң сомдук жер тилкелери мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берилип кеткен

Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынын кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Алар өзүнүн жана башка бирөөнүн кызыкчылыгын көздөп 9,8101 га мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги 34 млн 600 миң сомдук жер тилкелерин мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке берип жиберишкен.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдар жүргүзүлүүдө.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх