Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас райондук Жалпы медициналык практика борбордогу медицина кызматкерлеринин эмгек акысына эки жылдан бери кошумча акы төлөнбөй келген

Тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилгени аныкталган

КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун   администрация жана бухгалтериясына карата тергелип жаткан кылмыш иши аяктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2020-жылдын январь айынан тарта Талас райондук Жалпы медициналык практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы медициналык практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды.

Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында аталган Жалпы медициналык практика борборунун административдик-башкаруучу персоналы жана бухгалтериясы тарабынан мамлекетке 2 миллион 181 миң 260 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.

Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх