Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Токмок шаарына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келген топко бөгөт койду

Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 автоунаа кармалган

УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

УКМКдан билдиришкендей, күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып Токмок шаардык милициясынын айып унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып, тиешелүү документтерин текшерүү үчүн Салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгына өткөрүп берилди.

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх