Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатуучу

Атайын операциянын натыйжасында алынган баңгизатынын жалпы салмагы 20 килограммды түзгөн

Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат сатуучу жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, узакка созулган иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан 20 кг "чарс" баңгизаты алынды.

2023-жылдын 7-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Курманжан Датка жана Волховская көчөлөрүнүн кесилишинен 1963-жылы туулган А.Б. аттуу жарандан салмагы 8 килограммды түзгөн гашиш (афган чарс) баңгизаты алынган.
Кармалган А.Б. жашаган жеринде ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө БМЖКККнын кызматкерлери кошумча 12 килограмм гашиш (афган чарс) баңгизаты табылып, алынган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүнүн ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде кылмыш иши козголгон.
Атайын операциянын натыйжасында алынган баңгизатынын жалпы салмагы 20 килограммды түзгөн.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх