Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордогу автобекеттин айланасындагы таксисттер тазаланууда

Алар жол кыймылына тоскоолдук жаратышууда

Бишкек шаарындагы автобекеттин айланасындагы таксилерди тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган бекеттин тегерегинде турган таксисттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн.

“Анда тиешелүү бардык мекемелерден бирден кызматкер бар, мисалы, мэриядан, Транспорт министрлигинен, бекеттин башчысы жана жашыл чарба кызматынан.

Бүгүнкү күндө аларды бекеттин ичине киргизүүгө аракет көрүлүп жатат. Анткени алар жол кыймылына тоскоолдук жаратып, ар кандай кырсыктарга себепчи болушууда. Бул аракет жөө адамдардын катышуусундагы кырсыктардын алдын алуу, дегеле кырсыктарды азайтуу максатында болууда. Мындан сырткары таксисттер газонду тебелеп, тосмолорду дагы бузушууда”, – дешти аталган башкармалыктан.

Белгилей кетсек, автобекеттин ичинде 700 унаага орун бар.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх