Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбор калаада 287 көп кабаттуу үйдүн ээлери салыктан качып келишкен

Мамлекеттик салык кызматы аларды 10 күн ичинде аныктады

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгын төлөбөгөн "элитка" үйлөрүнүн 287 ээсин 10 күн ичинде аныктады. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.

Текшерүү Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы Аламүдүн районунда, VIP-шаарчада жүргүзүлгөн. 10 күн ичинде 799 турак жай текшерүүгө алынган. Натыйжада 287 үй ээси мүлкүнө салык төлөбөгөнү (3,5 миллион сом) аныкталган. Алардын 109у турак жай болсо, 178и участок.

"Мүлктүн ээлери бюджетке миллиондон ашык сом төлөп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Жыл сайын 1-сентябрда турак жайга, участокторго жана огороддорго жер салыгы төлөнөт. Эгер ээси салыкты убагында төлөбөсө негизги суммадан тышкары айып пулду жана ар бир күн үчүн туумду төлөшү керек болот.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх