Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шаарлар аралык таксилер каттам боюнча ири автобекеттерге бөлүштүрүлөт

Батыш автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу иштери уланууда

Жол кыймылынын коопсуздугун жана иреттүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле Батыш автобекетинин жанындагы иретсиз токтотууларды жоюу максатында шаар аралык такси каттамдары эки чоң автобекетке бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлайт.

Чыгыш багытына (Ысык-Көл, Нарын, Токмок, Кемин ж.б.) каттаган такси маршруту Чыгыш автобекетинин аймагында, ал эми батыш багытына (Суусамыр, Талас, Жалал-Абад Ош, Баткен ж.б.) каттаган такси маршуруту тиешелүүлүгүнө жараша Батыш автобекетинин аймагында жайгашат.

Биринчи май муниципалдык администрациясынын демилгесин «Бишкек автобекет» мамлекеттик ишканасы жана Свердлов муниципалдык администрациясы колдоого алды.

Белгилей кетсек, буга чейин Батыш автобекетинде тартипти калыбына келтирүү иштери башталып, бордюрлар орнотулууда, бошогон муниципалдык жер тилкеси көрктөндүрүлөт, жакын арада унаа токтотуучу жайлардын эреже бузууларын каттоо үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулат.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх