Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү

Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиа каттамы башталды

Оштон Новосибирскке авиакаттамдардын саны көбөйдү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы үстүбүздөгү жылдын 23-майында Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиа каттамын аткарды.

Каттамдар Airbus A320 учагы менен жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарылат. Оштон Новосибирскке биринчи каттам 169 жүргүнчү учуп кетти.

Эске сала кетсек, аталган багыт боюнча башка авиакомпаниялар дагы жумасына 8 каттам аткарышат – күн сайын.

Аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия багыттары боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх