Баткенде 3 тоннага жакын контрабандалык жер семирткич аныкталды
Жер семирткичтерди коңшу мамлекеттерге чыгаруу аракети көрүлгөн
Баткенде 3 тоннага жакын контрабандалык жер семирткичти ташып чыгуу аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан 28 жаштагы К.М.Э. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусунда “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан.
Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Фото www