Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген жүк аныкталды
Унаада баасы 350 миң сомду түзгөн ич кийимдер табылган
Ошто Өзбекстандан мыйзамсыз ташылып келген жүк аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, бажычылар тарабынан Ош облусунун Ноокат районунда У.У.С. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа текшерилген.
Унааны текшерүү учурунда Өзбекстанда жасалган жалпы салмагы 405 кг, баасы 350 миң сомду түзгөн ич кийимдер табылган.
Факт боюнча чогултулган материалдар андан ары процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Бажылык текшерүү тобуна өткөрүп берилген.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Окшош макалалар
- УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
- Камчыбек Ташиев «Кулунду» заставасынын чек арачыларына батирлердин ачкычтарын тапшырды
- ИИМ: 450 кгдан ашык баңгизат жок кылынды
- Ош шаарынын аэропортунда металл куймаларын мыйзамсыз түрдө алып келүү аракетине бөгөт коюлду
- Баткен жана Согди облусунун башчылары чек арада жолугушуу өткөрдү