Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенден 1 млн сомдук жүк кармалды

Товар Тажикстандан өлкөгө мыйзамсыз алып келинген

Бүгүн, 10-апрелде Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда чек арачылар эки автоунааны токтотушкан. Анда 1984-жылы туулган Т.М. жана 1983-жылы туулган П.И. аттуу Кыргызстандын жарандары башкарып бараткан унаалардан 1 тоннага жакын жер-жемиштер, мөмө-жемиштер, жаңгактар табылган.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кармалган жүк болжол менен 1 млн сомдон ашык сумманы түзөт. Бул жүктү жарандар Тажикстандан өлкөгө мыйзамсыз алып кирип, андан ары сатууга аракет кылууну көздөшкөн.

Учурда кармалган жарандар, автоунаалар жүгү менен кошо тийиштүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилгендиги айтылды.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх