Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде балдар бакчасынын жетекчилиги иштебеген адамдар үчүн маяна алып келишкени аныкталды

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылындагы «Кулунчак» мектепке чейинки балдар мекемесинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, аталган мекемеде иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы чегерилип төлөнүп келген. Андан кийин мыйзамсыз топтолгон каражаттар мекеменин жетекчилиги тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх