Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда уруксаты жок курулуп жаткан көп кабаттуу үй боюнча кылмыш иши козголду

Иш учурда тергелүүдө

Башкы прокуратура Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак жай өзүм билемдик менен курулуп жаткандыгын аныктаган. Мекеменин басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык, Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясында КРнын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Жалал-Абад региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзүлбөгөндүн натыйжасында Жалал-Абад шаарынын Т.Айтакалов көчөсүндөгү муниципалдык жер тилкесине “Д-К” ЖЧК тарабынан кандайдыр-бир долбоорлоо жана курулуш курууга уруксат берүүчү иш кагаздары жок, өзүм билемдик менен көп кабаттуу турак жайын куруп жаткандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча көзөмөл органы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергелүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх