Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кемпир-Абад иши

Сот жети айыпталуучуну үй камагына чыгарды

Жогорку Кеңештин 12-арелиндеги жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстандын 1280 жараны чет өлкөдө соттолгонун билдирди.

Анын 1072си Россиянын абактарында отурат.

Маалыматка ылайык, Казакстан, Россия жана Тажикстанда жазасын өтөп жаткан 60 киши Кыргызстанга которулду.

2022-жылдын март айында башкы көзөмөл органынын делегациясы Москвага барып, Россиянын Башкы прокуратурасынын, Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчилиги менен соттолгон кыргызстандыктарды өз мекенине өткөрүп берүүнү макулдашкан.

"Анын жыйынтыгында биринчи кварталда Россиядан 15 кыргызстандык которулду, 25 жаранды алып келүү иштери соңуна чыгып калды", - деди Зулушев.

Ошондой эле 2022-жылы Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн издөөдө жүргөн 63 жаран Россия, Казакстан, Өзбекстан, Польшадан кармалып алып келинген.

 

Фото www   

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх