Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кубанычбек Айбек уулу: Париждеги Олимпиадада Кыргызстандын желегин желбиретсем дейм

«Чоң шлем» турниринин жеңүүчүсү менен маек

Кыргызстандык дзюдочусу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өткөн «Чоң шлем» турниринде (Grand Slam) алтын медаль утту. Бул тууралуу 25-мартта Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук федерациясынан билдиришкен.

«Чоң шлем» турнири 24-мартта Грузиянын Тбилиси шаарында башталган. Мелдеш 26-мартка чейин созулат. Ага 61 өлкөдөн келген дзюдочулар катышып жатат.

Дзюдо боюнча «Чоң шлем» турнири — Олимпиада оюндары жана дүйнө чемпионатынан кийинки эле эң престиждүү турнир.

Айбек уулу 66 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашкан. Ал Куба, Бразилия, Грузиянын спортчуларын утуп, жарым финалга чыгып, жарым финалда дагы Грузиянын дзюдочусу менен беттеш өткөрдү. Ал эми финалда монголиялык спортчуну жеңген.

Улуттук дзюдо федерациясынан Айбек уулунун бул жеңиши Кыргызстандын дзюдо тарыхындагы «Чоң шлем» турниринен уткан алгачкы алтын болуп калды.

Vesti.kg редакциясы жаш спортчу менен маектешип, келечекке койгон пландары менен таанышты.

- Саламатсызбы,Кубанычбек! Чоң шлемдер мелдешин жеңген алгачкы кыргызстандык дзюдочу болдуңуз, жеңишиниз кут болсун! Алтын байгени багындырганда сезимдериңиз кандай болду?

- Сиздерге чоң рахмат! Ушул алтын медаль өлкөнүн дзюдо тарыхындагы биринчи алтын медаль болгон үчүн аны жеңгениме, албетте, абдан кубандым. Акыры уттум дедим. Эң негизгиси ушул алтын медалды алып, Кыргызстаныбызга аны белек кылып, өлкөмдүн желегин ошол жактажелбиретип, гимн жаңырганы үчүн абдан сыймыктандык! Чынын айтсам, бул жеңишке биз командабыз менен көптөн бери даярданганбыз. Бул менин эле эмес, жалпы курама команданын, Кыргызстандын жеңиши. Медалдын артында көптөгөн кишилер турат.Ошолордун мээнети менен мен бул жеңишке жетиштим десем болот.

- Аталган турнирдеги жеңиш сизге кандай перспективаларды ачат?

- Өзүңүздөр билгендей эле мына 2024 – жылы Парижде Олимпиада оюндары болот. Бул жеңиш мен үчүн ага катышууга түрткү болот. Дзюдодо рейтинг боюнча турнирлер кетет. Чоң шлемдер мелдешин жеңгеним үчүн 1000 упай кошулду. Упайлар келечектеги Олимпиадага жардамы тиет деген үмүттөмүн.

- Спортко кантип келип калдыңыз, же бала кезиниздеги кыялыңыз беле? Ким түрткү болду? Үй булөөңүздөрдө спорт менен машыккандар барбы?- Дзюдо боюнча үй-бүлөмдө эч ким машыкпайт. Биринчи бул спортко мени атам алып келген. Анткени атам өзү дзюдого кызыгат. Мухаммед Умар спорт клубунда Жусупов Бакыт агайдын колуна тапшырган. Ошондон бери мен Бакыт агайдын шакирти болуп, машыгып келе жатам.

- Спорттон башка дагы эмне менен алектенесиз? Эмнеге кызыгасыз? Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?

- Негизи спорттон сырткары мен футбол ойногонду жакшы көрөм. Хоббилерим көп. Бирок көбүнчө машыгууларда, мелдештерде болуп, бошобой жүргөн үчүн бош убактымды жакындарым, досторум менен өткөргөнгө аракет кылам.

- Эн чоң жетишкендиктерим деп эсептеген утуштарыңыз кайсылар? Атап өтсөңүз?

- Эң чоң жетишкендиктеримдин бири өспүрүмдөр арасында Азия чемпиону аталгам. Ал эми 2021-жылы Бишкекте өткөн Азия Чемпионатында 3-орунга татыдым. Мына азыр өзүңүздөр көрүп тургандай Грузиянын Тибилиси шаарында өткөн Чоң шлем мелдешинде алтын медалды багыдырдым. Ушул чоң жетишкендиктеримдин бири десем болот.

- Спортчу болуш учун абдан чоң мотивация, өжөрлүк, эрк керек эмеспи. Сизге мотивацияы кайдан аласыз?

- Биринчиден үй-бүлөм ,досторум, күйөөрмандарым чоң мотивация беришет. Ошондой эле ушул жеңишке көптөн бери аракеттенип, умтулуп келе жатам деге ой дагы түркү болот.Ошолордун барын эске алып анан мелдешке аттанабыз. Кыргызстандын желегин желбиретсем деген дагы ой жүрөгүбүздүн түпкүрүндө.

- Спорт сиздин мүнөзүңүздө кандай сапаттарды тарбиялады?

- Спорт бул биринчиден ден соолугуңа кам көрүү, жопкерчилик, агайларыңдын айтканын угуу, тарбиялуу болуу. Ошондой эле спорттун артынан көптөгөн өлкөлөрдү көрүп, дүйнө таанымыңды өстүрө аласың. Мен дзюдо менен машыкпасам чет өлкөлөрдү көрөт белем бир кудай билет. Ар кандай инсандар менен таанышып, досторду күттүм. Бирок жаракат алып калган учурларыбыз дагы болот. Жарым жыл мурун Азия Чемпионатында жаракат алып, жети ай эс алдым. Азыр жаңыдан спортко кайтып келе баштаган учурум.

- Спорттогу үлгү туткан инсаныңыз, башкача айтканда кумириңиз ким?

- Мага көптөгөн спортчулардын күрөшкөнү жагат. Бирок кумирим жок. Бала кезимен баштап мени кумир тутушса деген кичине өзүмчүлдүк оюм бар эле. Буюрса ага да жетээрбиз.

- Жаш спортчуларга кандай кеңеш бере аласыз?

Жаш спорчуларга кеңешим өздөрүнө ишенип , талыкпай эмгек кылса эле адамдын колунан келбеген эч нерсе жок. Барын утуп, бардык максатка жетсе болот. Эмгегиңе жараша анын үзүрүн көрөт экенсин.Ошондуктан талыкпай эмгек кылса, чоң-чоң ийгиликтерге жетишсе болот.

- Дзюдодо “ар-намыс кодекси” деген бар эмеспи. Орусча айтканда “ Кодекс чести”. Сиздин беттештериңизде каршылашыңыз кандайдыр – бир эрежени бузуп, туура эмес кылганда мелдеш бүткөндөн соң сиз ага дзюдонун эрежеси боюнча жүгүнбөй койгон учурлар болду беле?

Жок, андай учурлар болгон эмес. Биринчиден өзүңдүн каршылашыңды сыйлашың керек. Ал дагы сага окшогон спортчу, ал дагы мелдешке жөндөн-жөн келип калган эмес. Экөөбүздүн тең максатыбыз бир, ар бир спортчу мелдешке жеңиш үчүн келет. Эрежени бузган учурларга атайын калыстар бар. Эгерде упай туура эмес саналса, ал калыстын катачылыгы деп эсепейм.

- Саясатка кандай көз караштасыз? Спортчу чоң саясатка аралаша алабы?

- Ооба, негизи барса болот. Шыгы бар адам бара берет. Беш кол тең эмес. Көп эле спортчулар спорт менен бирге дагы башка тармакты алып кеткен учурлар бар. Мелдештерден деле жөн эле күрөшө бербейсиң. Ал жактан күчтүү стратег болушуң керек. Мээни иштетип, каршылашыңдын кийинки кадамын анализдегенге аракет кылышың керек. Ал эми анын башка спортчулар менен күрөшкөнүн көрүп, спортчунун алсыз жактарын изилдейсиң.Ошондуктан спортто дагы билим керек. Билими бар адам саясатка барса болот деген ойдомун.

- Келечекке койгон пландарыңыз кандай?

- Бир айдан кийин Катарда Дүйнө чемпионаты өтөт. Ошол мелдешке даярдануудабыз. Алдыда курама командабыз менен машыгуулар күтүүдө. Жакшы жыйынтыктарды көрсөтөбүз деген үмүтүбүз бар. Ошондой эле ар бир спортчунун максаты Олимпиада оюндарына катышуу. Мен дагы Париждеги өтө турган быйылкы Олимпиада оюндардарында Кыргызстандын желегин көтөрүп, гимнин жаңыртсам дейм.

 

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх