Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Москвада ЖЕЭКтин жыйынына катышууда

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет

Президент Садыр Жапаров бүгүн Москва шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Күн тартибинде өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында интеграцияны тереңдетүү маселелери.

ЖЕЭКтин тар курамдагы жыйыны башталар алдында Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларынын чогуу сүрөткө түшүүсү болуп өттү. ЖЕЭК отурумунун ишине ардактуу мейман катары Азербайжандын президенти Ильхам Алиев да катышууда.

Андан соң, жолугушуу делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда кеңейтилген курамда уланат.

Эске салсак, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши (ЖЕЭК) - Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жогорку органы. ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия кирет. 2023-жылы Биримдиктин органдарына Россия төрагалык кылууда.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх