Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Наристе” III эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 31-майда болот

Бишкекте "Наристе" III эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 30-майдан 8-июнга чейин өтүүчү фестивалга Россия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.

Белгиленгендей, фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 31-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, ал эми жабылыш аземи салттагыдай Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында болот.

Фестивалдын негизги максаты – Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен тааныштыруу болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү, мастер-класстар, ар кандай чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик искусствосунун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун бет ачары, шаардын тарыхый-маданий жерлерине экскурсиялар, Ысык-Көл жана анын тарыхый объектилери менен таанышуу пландаштырылууда.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх