Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол инспекторлору Бишкектеги конуштардын кичинекей тургундарын куттукташты (фото)

Таттуулар жана оюнчуктар

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү карата Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) демөөрчүлөр менен биргеликте кичинекей кыргызстандыктарды куттуктады.



ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда жашаган өспүрүмдөргө таттуулар, оюнчуктар жана башкы башкармалык тарабынан жасалган атайын жол эрежесин үйрөткөн журналдар таратылды.


Өз кезегинде өспүрүмдөрдүн ата-энелери балдарга көңүл буруп, аларга кубаныч тартуулаган Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисине ыраазычылыгын билдирди.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх