Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Патриоттук ырлар, улуттук бийлер

Бишкекте “Аскер таланттары” сынагы өттү

Куралдуу Күчтөрдүн жана башка күч түзүмдөрүнүн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн катышуусунда “Аскер таланттары” кароо-сынагынын 3-этабы болуп өттү.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, сынак КР Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнүнө карата уюштурулган.

Сынактын катышуучулары патриоттук ырларды, улуттук бийлерди, фольклордук музыкаларды аткаруу жана Манас айтуу боюнча күч сынашты.

"Аскер таланттары" сынагы президент – Куралдуу Күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 29-январындагы "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.

Конкурс жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоого, аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх