Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык бийчилер Италияда өткөн турнирде алтын медалга ээ болушту

Бийчи Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 19 жуптун ичинен эң мыкты жыйынтык көрсөтүшкөн

Кыргызстандын спортчулары Италияда өткөн эл аралык бий турниринде алтын медаль утушту. Бул тууралуу Кыргызстандын бий спорт федерациясынын президенти Cергей Титунин билдирди.


Анын маалыматына караганда, 2023-жылдын 18-февралында Италиянын Пестум шаарында спорт, бал бийи боюнча «WDSF Open taken place in Paestum — Italy-2023» жыл сайын өтүүчү эл аралык турнир болуп өттү.

Турнирге Италия, Германия, Молдова, Украина, Румыния, Франция жана башка көптөгөн Европа мамлекеттеринин спортчулары катышты. Турнир Бүткүл дүйнөлүк спорт бий федерациясынын -WDSF колдоосу астында өттү.


Анда Кыргызстандын бий спорт федерациясынын бийчилери мыкты жыйынтыктарды көрсөтүштү.

“WDSF Open taken place in Paestum — Italy-2023″ турниринин жаштар, латина категориясында биздин жаш бийчилер Владимир Вырлеев менен Мария Прошлецова 19 жуптун ичинен алтын медалга ээ болуп, биринчи орунду ээлешти. Биз аларга ыраазычылык билдиребиз”, — деп айтылат Cергей Титуниндин билдирүүсүндө.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх