Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке 1000 автобус келгенден кийин маршруттук таксилерди алып салуу пландалууда

Бул тууралуу калаа мэри билдирди

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров мамлекеттик маалымат каражаттарына берген маегинде Кытайдан келе турган 1000 автобус шаардагы коомдук транспорттун жетишсиздигин толугу менен чечет деп билдирди.

Мэр белгилегендей, кичи автобустар шаарды аралап жүрбөй, калктуу конуштарда жана шаардын чет-жакасында иштей башташат. Ошол эле учурда беш-алты кичи автобустун ордуна бир автобус келиши керек.

Эмилбек Абдыкадыров кичи автобустун айдоочуларына ыраазычылык билдирип, алар жумушсуз калбай турганын кошумчалады.

"Коомдук транспорт тартыш болуп турган оор мезгилде маршруттук таксилердин айдоочулары шаарга чоң жардам көрсөтүштү. Алардын эмгегин унутпашыбыз керек. Маршруттук таксилердин айдоочулары жумушсуз калбайт, алар автобуска жана башка каттамдарга өтөт. Айдоочулардын өздөрү үчүн жаңы автобустар абдан ыңгайлуу болот "Камералар, телефондор үчүн кубаттагычтар бар. Кудай буюрса коомдук транспорт маселеси чечилет", - деди мэр.

Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, жай мезгилинде Бишкекке жаңы автобустар келе баштайт. Белгилей кетсек, быйылкы жылдын башында мэрия 120 автобус сатып алган - учурда алар каттамда.

"Мен делегация менен заводго барганыбызда (кытайлык Zhongtong Bus Holding Co Ltd. заводу) 67 жаңы автобус даяр экенин көрдүк. Жайында жаңы автобустар алып келинет", - деген калаа башчысы.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх