Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды

Ал компьютердик клубдардын биринде жургөн

Чүйдө эки айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Рухий Мурас - 2 жаңы конушунун 15 жаштагы Эрбол Эркинбеков аттуу тургуну 2023-жылдын 23-мартында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткан.

Дайынсыз жоголгон өспүрүм Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан 24-май түнү саат 03:00лөр чамасында Бишкек шаарындагы компьютердик клубдардын биринен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх