Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана айфонго сатып жиберген

Ал ошондой эле жасалма ат менен медициналык карточка ачтырган

Чүйдө келин жаңы төрөгөн наристесин 100 миң сом жана iPhone`го сатып жиберген. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына 1998-жылы туулган С.З. аттуу жаран курсактагы баласын сатууга ниеттенүүдө деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факт Ысык-Ата РИИБне катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинде ("Балдарды сатуу") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жаңы төрөлгөн баланы сатуу боюнча кылмыштуу схема аныкталган. Тактап айтканда, 2023-жылдын апрель айында 1998-жылы туулган С.З. аттуу жаран 8 ай кош бойлуу болуп туруп кылмыш жолу менен материалдык пайда көрүү максатында 1996-жылы туулган Б.Ф. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп, ага курсагындагы баланы төрөгөндөн кийин накталай 100 миң сом, "iPhone 12 Pro" маркасындагы уюлдук телефон, Россияга учуп кетүүчү авиа билетке сатууну жана Б.Ф. бала төрөлгөн учурга чейин С.З. багуу үчүн камкордукка алууну макулдашкан.

Андан соң Б.Ф. аттуу жаран Ысык-Ата районунун жалпы дарыгердик практика борборунун (ЖДПБ) А.М. аттуу кызматкери менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, өзүнө кош бойлуу болгондугу тууралуу жалган карта түздүрүп алган.

2023-жылдын 20-майында С.З. аттуу жаран жасалма картада көрсөтүлгөн Б.Ф. аттуу жарандын ысымын колдонуу менен Ысык-Ата райондук ЖДПБнын төрөт үйүнөн кыз төрөгөн.

Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери жогорудагы кылмыштуу бүтүмгө бөгөт коюп, 1998-жылы туулган С.З., 1996-жылы туулган Б.Ф. жана Ысык-Ата райондук ЖДПБнын дарыгери А.М. тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткиришкен.

Мындан тышкары, С.З. аттуу жарандан “iPhone 12 Pro” маркасындагы уюлдук телефону далил буюм катары алынып, кылмыш ишинин материалдарына тиркелген.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен бул кылмыш ишинин бардык катышуучуларынын кыймыл аракеттерине юридикалык баа берилип, тиешелүү айыптар тагылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп, кылмыш ишин кароо үчүн сотко жөнөтүү маселеси чечилүүдө.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх