Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жер мунапысы (фото)

Ноокатта 101 жаранга кызыл китеп берилди

Ноокат районунда “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, 101 жаранга кызыл китептер берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.




Маалыматка ылайык, турак жайын мыйзамдаштырган кызыл китептерди президенттин өкүлүнүн орун басары Зарлык Тургунбаев тапшырды.

Жерге мунапыс жарыялангандан бери Ноокат районунун жарандарынан жерлерин мыйзамдаштыруу үчүн 3 миң 198 арыз түшкөн. Анын ичинен 1000 ден ашуун адам турак жайына мыйзамдуу түрдө ээлик кылууга мүмкүндүк берген кызыл китепке ээ болушту.

Буга чейин облус башчысы Элчибек Жантаев райондун жетекчилерине күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу керектигин эскерткен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх