Бишкекте 5-июндан тарта жайкы мектеп лагерлери ачылат
Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти
Бишкекте жайкы мектеп лагерлери ачылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан калаанын 39 мектебинде лагерлердин иши уюштурулуп, анын ичинде 34 мектепте тамак-аш камтылган.
Муниципалитеттен белгилешкендей, лагерлер 5-июндан 30-июнга чейин иштейт. Мектеп лагерлери саат 8:00дөн 14:00гө чейин иш алып барып, 4 миң 300гө жакын окуучуну камтыйт.
Учурда лагерлерди ачууга даярдоо иштери жүрүп, эс алууну каалаган окуучулардын тизмелери, лагерлердин иш пландары, жайкы каникулга карата балдардын чыгармачылык борборлорунун ийримдеринин жана спорт секцияларынын иштери такталып жатат.
Мектеп лагеринин иштөө мезгилинде балдар ийримдер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка көптөгөн нерселер уюштурулат. Балдар үчүн балдардын чыгармачылык борборлору 71 ийримдин ишин уюштурат.
Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, балдардын коопсуздугун мектеп коопсуздук кызматы камсыздайт.
Фото www
Окшош макалалар
- Свердлов районунун билим берүү мекемелеринде санитардык рейддер өткөрүлдү
- Чуй облусуна дем берүүчү гранттардын эсебинен 79,6 млн сом каржыланды
- КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн Ысык-Көл оюндары: “АК ИЛБИРС” спорт мектебинин тарбиялануучулары 7 медаль жеңип алышты
- 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация башталды
- Чөгөлөп кечирим сураган, бетине салют атылган окуучулар