Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жакында биринчи SUPARA: түрк элдеринин салттуу тамак аш этнофестивалы өтөт

Иш - чарага онго жакын мамлекет катышат

5-июнь күнү Чуңкурчак жайлоосундагы “Supara Chunkurchak” этнорезортунда биринчи жолу уюштурулган SUPARA: түрк элдеринин салттуу тамак - аш эл аралык этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруу комитети билдирет.

SUPARA: түрк элдеринин салттуу тамак - аш биринчи эл аралык этнофестивалы, түрк элдеринин ынтымак – ырашкерлигин жана бир туугандык мамилелерин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү менен бирге, төмөнкүдөй максаттарга жетүүнү көздөйт:

• Түрк элдеринин жоголуп бараткан салттуу тамак- ашын жандандыруу жана аларды түрк элдеринин улуттук баалуулуктары катары даңазалоо;

• Түрк элдеринин салттуу тамактануу маданиятын ден соолукка эң пайдалуу жана узак жашоого көмөк корсөткүч катары таанытуу;

• Түрк элдеринин этно-ашкана жана тамак - аш туризмин өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү;

• Салттуу тамак - аш даярдоодо, заманбап технологияларды, ыкмаларды колдонуу жана  пайдаланууга киргизүү;

• Түрк элдеринин салттуу тамак - аш тарыхын келечек муун үчүн  сактап, өткөрүп берүүгө  өбөлгө түзүү;

Бул иш чарага катышуу үчүн, түрк тилдүү мамлекеттеринин тайпа  Уюштуруу комитетине, бекитилген үлгүдөгү билдирме жөнөтөт.  

Үч кишиден турган тайпа мамлекеттик бийлик органдары, муниципалитеттен, коомдук, жеке уюмдар жана башка түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмдары, же түрк тектүү эли бар башка мамлекеттердин  өкүлдөрү жөнөтө алат.

    Тайпанын курамы:

• Шеф – повар -1  

• Повар - 1

• Адис - 1

Салттуу тамак - аш сынагы төмөнкү номинациялар боюнча болот:

1. Эт азыктарынан тамак - аш

2. Сут азаыктарынан тамак - аш

3. Дана азыктары, жашылча жана жер-жемиштеринен даярдалган тамак - аш

4. Улуттук суусундук


Калыстар тобу, сынактын жыйынтыгын чыгарууда, азыркы учурда унутта калган, сейрек даярдалган же байыркы рецептер менен жаңыдан жанданып жаткан тамак - аштарга артыкчылык берет.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх