УКМК: Опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (фото)
Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Кара-Балта шаарынын аймагында опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматта айтылгандай, 1-июнда 130 миң сом акча каражатын алып жаткен жеринен УКТнын мүчөлөрү аталган К.Б. жана Т.М. аттуу КР жарандары колго түшкөн.
Алар узак убакыт бою денесине жана материалдык зыян келтиребиз деп коркутуу жолу менен "Р.С." аттуу айыл чарба фермасынын ээсинен акча каражатын талап кылып жүрүшкөн.
"УКТ мүчөлөрү 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды", - деп кошумчалашты УКМКдан.
Кармалгандар УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда КР УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Фото www
Окшош макалалар
- «Манас» бажысы 6 тоннадан ашык апийим куурайы баңги затын ташып келүү аракетине бөгөт койду
- УКМК: “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери кармалды
- УКМК: Кылмыштуу топ түзүү фактысы боюнча ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын кызматкерлери кармалды
- УКМК: Салык кызматынын кызматкери ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча талап кылуу боюнча кармалды
- УКМК: Талас электр тармактар ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды