Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Парламент спикери депутаттардын өлкөдөн чыгуусуна чектөө киргизди

Бул тууралуу ал 31-майда парламенттин жыйынында билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев июнь айында депутаттардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизди. Бул тууралуу ал 31-майда парламенттин жыйынында билдирди.

"Маалымат катары айткым келди. Өзүңүздөр билесиздер, парламенттин жайкы каникулга таркашына бир ай гана убакыт калды. Андыктан жемиштүү иштөөңүздөрдү суранам. Өлкө үчүн өтө маанилүү бир нече мыйзам долбоорлору каралууда. Ошондуктан милдеттерин так аткарууну суранам. Андан сырткары баардык чет өлкөгө иш сапарларга чектөө киргизилет, таарынбагыла. 2-3 депутат болгону командировкага чыга алат. Сапарыңарды өзүңөр чектегиле, биз да көзөмөлдөйбүз", - деп спикер депутаттарга кайрылды.

Эске салсак, депутаттар июль-август айларында эс алышат. Алар 1-сентябрда жумушка кайтып келишет.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх