Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элдик курултайдын делегаттары ЖК депутаттарына каршы чыгууга даяр

Бул тууралуу Элдик курултайдын өкүлдөрү билдирди

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун кароодо бизди атаандаш катары карап, кандайдыр бир туура эмес максаттарга айыптап жатышат. Бул тууралуу Элдик курултайдын Чүй облусунан делегаты Эсенгул Исаков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, парламенттин айрым депутаттары Элдик курултайдин кереги жок деген позицияны карманып, курултай башка максаттарды көздөйт, анын ишмердүүлүгү парламенттин өзүнө терс таасир этиши мүмкүн дешүүдө.


"Элдик курултайдын делегаттары тескерисинче парламентке жардамчы катары болот. Биздин максатыбыз мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө, анын ичинде депутаттарга колдоо көрсөтүү болуп саналат. Биздин ар бир делегатыбыз - райондордун, айылдардын жашоочулары. Алар көйгөйлөрдү жеринен билишет, эл менен депутаттардын ортосунда көпүрө боло алышат. Анткени, депутат өзү жеринде эмне болуп жатканын билбейт да. Биз алар ушуну түшүнүшсө дейбиз. А бүгүн депутаттары аны ойлонушпай эле, бизди парламентке каршы деп эсептешүүдө. Айрым депутаттар бизге карата туура эмес сөздөрдү айтып жатышат", - деди ал.

Исаков делегаттар "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун кароодо үч маселени эске алууну суранып жатышканын билдирди: жергиликтүү курултайларды сактоо, депутаттар "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамды эс алууга кеткенге чейин кабыл алуусун жана мыйзам долбоорундагы маанилүү функцияларды калтыруу.

"Биз мурдагыдай эле парламент менен өз ара бир пикирге келебиз деген ишенимдебиз. Алар бизди артка тартпай, кызматташууга чакырат деп ойлойбуз жана депутаттар эс алууга чыкканга чейин мыйзам долбоорун кабыл алып берет деп ишенебиз. Эгер мыйзамды кабыл алышпай, өз билемдик кылышса, Элдик курултайдын делегаттары депутаттарга каршы чыгат. Биз коркпойбуз, алар өздөрү бизди ушуга түртуп жатышат. Алар курултайдын делегаттары аларга жардамчы болорун түшүнбөй жатышат. Кандай болсо дагы акыркы сөз президентте", - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Өз кезегинде курултайдын башка делегаты Кубанычбек Дүйшеев "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгууга президенттик аппараттын өкүлдөрүнөн тышкары, илимдин докторлору, активисттер, курултай идеясын колдоочулар жана белгилүү коомдук ишмерлер жана тажрыйбалуу юристтер катышканын белгиледи.

"Жумушчу топтун мүчөлөрү бардыгы биригип "Элдик курултай жөнүндө" мыйзамды иштеп чыгып, парламенттин кароосуна алып чыгышкан. Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Депутаттар муну чындап изилдеп, түшүнө алган жок. 2022-жылы Элдик курултай жогорку деңгээлде өтүп, элдин чыныгы үнү айтылган. Бирок, бүгүн депутаттар курултай идеясына каршы чыгып жатышат. Анын үстүнө алар тараптан курултайга каршы ачык аракеттер болууда. Бүгүн биз алардын чыныгы жүзүн көрдүк. Эми курултайды коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүүгө аргасыз болуп жатабыз", - деди Дүйшеев.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх