Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдө көлмөгө чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Ал балык уулоого чыгып, көлмөгө чөгүп кеткен

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Биринчи май айылында көлмөгө 71 жаштагы киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Х.В. аттуу эркек киши балык уулоого чыгып, көлмөгө чөгүп кеткен. Жерине жети куткаруучу тартылып, жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх