Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт

Парламент мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун кабыл алды

Жогорку Кеңештин 31-майындагы жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы редакциясын үч окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Винера Раимбачаева.

Аталган мыйзамга президент кол коюп, күчүнө киргенден кийин кыргыз тилин билбеген жарандар мамлекеттик кызматтарда иштей албайт.

  • Кыргыз тестти В1 деңгээлинен төмөн тапшыргандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан бошотулат.
  • Менчигинин түрүнө карабастан телерадиокомпаниялар милдеттүү түрдө (минимум) берүүлөрүнүн 70 пайызын мамлекеттик тилде обого чыгарат.
  • Ошондой эле өлкө аймагында иштеген веб-сайттардын кыргыз тилиндеги версияда берилген маалыматтын көлөмү жана мазмуну башка тилдегисинен кем болбошу керек.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх