Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү камакка алынды (фото)

Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү - Алтуха, Протез, Кения жана А.К`га карата бөгөт коюу чарасы тандалды. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалгандар тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакта болушат. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, баш коргоо чарасын тандоо 25-майда каралган.

Эске салсак, 23-майда УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлган. Алар көп жылдан бери Кыргызстандын ишкерлеринен жана жарандарынан Кытайдан экспорттолгон эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ээлеп алуу менен алектенишкен. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема уюштурушкан.

Жогорудагы адамдар алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң долларды түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы аныкталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх