Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Балдарды кароосуз калтырбаңыз!

ӨКМ сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелерин эске салат

Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ата-энелер жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар. Урматтуу жарандар, эсиңиздерде болсун:

-сууга уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;
- тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;
- сууга мас абалында түшпөңүз;
- суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;
- кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
- күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;
-үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;
-көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.

Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх