Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт

Мэрия ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шавардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Кажысай" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат бүгүн, 1-июнда саат 8:00дөн 20:00гө чейин Лермонтов - Ауэзов - Токмок - Көлбаев көчөлөрү - ЖЭБ каналы, Аламүдүн-1 кичирайону, Куруучулар шаары чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх