Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЮНИСЕФ ымыркайлардын жана жаш балдардын угуу көйгөйлөрүн эрте аныктоону жакшыртуу үчүн жаңы жабдыктарды берди

Жабдуулардын жалпы баасы 8,6 миллион сомду түзөт

2023-жыл 22-сентябрь – ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкө боюнча 22 медициналык мекемелерге ымыркайлардын жана жаш балдардын угуу көйгөйлөрүн эрте аныктоо үчүн жабдууларды берди. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жабдуулар ымыркайлардын биринчи күнүнөн тартып угуусунун начарлашын аныктоого мүмкүндүк берет. Андан тышкары, Ош облустар аралык балдар ооруканасы дагы атайын жабдуунун пайда болушу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү балдардын угуу көйгөйлөрүн диагностикалоо жана тактоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Жабдуулардын жалпы баасы 8,6 миллион сомду (99 миң АКШ долларын) түзөт.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ноокат, Сузак, Чолпон-Ата жана Кара-Кол шаарларындагы үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жана башка медициналык мекемелерге 22 аудио скрининг аппараттары берилди. Ал эми Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жана Ош облустар аралык балдар ооруканасына комплекстүү диагноз коюуга мүмкүндүк берген диагностикалык жабдуулар тапшырылды.

«Өлкөбүздүн түштүгүндөгү ата-энелер биринчи жолу балдарынын угуусу боюнча көйгөйлөрдү тактоо үчүн Бишкекке чейин барбастан, Ошко келе алышат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна биздин адистерди даярдап, лидерлик көрсөткөндүгү үчүн чоң рахмат», - дейт Ош облустар аралык балдар ооруканасынын жетекчиси Жыргалбек Төлөров.

Тиешелүү медициналык мекемелердин 150дөн ашык кызматкерлери жаңы жабдууларды туура жана эффективдүү пайдалануу үчүн окуудан өтүштү. Жада калса айрым үй-бүлөлүк дарыгерлер жана медайымдар да балдардын угуу көйгөйлөрүнүн коркунучун эрте аныктай алышат.

«Жарым жыл мурун бул жабдыктар менен иштей баштагандан бери 42 баланы кабыл алдык, алардын диагнозу такталып, дарылоо белгиленген. Ошондой эле жаңы төрөлгөн ымыркайлардын угуусу жок болгон эки учур тастыкталды. Бул ата-энелерге эртерээк тиешелүү чараларды көрүүгө жардам берет», - дейт Ош облустар аралык балдар ооруканасынын сурдологу Таалайгүл Калматаева.

ЮНИСЕФ балдардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү эрте аныктоого көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташууну улантууда.

Фото ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх