Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткенде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун желеги жана китеби табылды (фото)

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат

Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин аянтынан бүтүрүүчүлөргө арналган тактанын жанынан тыюу салынган “Ислам мамлекети” экстремисттик-террористтик уюмунун (ЭТУ) желеги табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле тосмонун дубалдарына: "Сени кыйратканды жок кыл", "Сенин камераң сага жардам бербейт", "Аллах ыраазычылыгы үчүн музыка койбо" деген жазуулар калтырылган.

УКМК менен Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин бүтүрүүчүлөрү А.М.У., И.З.З. жана М.М.Г. аныкталган.

2023-жылдын 2-июнунда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында тыюу салынган мыйзамсыз диний агымдарга жана "ИМ" ЭТУга тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар жана видеоматериалдар табылып экспертизага жиберилди.

Белгилей кетсек, кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 2023-жылдын 25-майында орто мектептин аймагына илинген "ИМ" ЭТУнун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх