Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте «үйдү жыйнабайсыңар» деп жинденген өгөй ата 9 жана 10 жаштагы кыздарды мыкаачылык менен сабап салган

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Бишкекте өгөй ата 9 жана 10 жаштагы өгөй кыздарын аёосуз сабап салганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кыздардын апасы кайрылган. Ал «үйдү жыйнабайсыңар» деп жинденген күйөөсү эки кызын катуу сабап салганын билдирген.

Кылмышка шектүү 33 жаштагы К.И. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жакынкы арада баш коргоо чарасын тандоо үчүн иш материалдары Ленин райондук сотуна өткөрүлүп берилет.
«Ар бир үй-бүлөлүк зомбулук фактысы борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө. Өз кезегинде Коомдук коопсуздук кызматы бардык жарандарга үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюуда көмөк көрсөтүүгө даяр”, - деп белгилешти ШИИБден.

Фото: Назгуль Турдубекова

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх