Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» бажысы 6 тоннадан ашык апийим куурайы баңги затын ташып келүү аракетине бөгөт койду

Белгилей кетсек, бажы кызматы тарабынан тарыхында биринчи жолу бир учурдун алкагында баңги каражатынын өзгөчө ири партиясын алып келүүгө бөгөт коюлду

«Манас» бажысынын кызматкерлери КР УКМКнын 6-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери (УКМК 30) менен биргеликте апийим саманы баңги затынын өзгөчө ири партиясын алып келүү аракетине бөгөт койду. Бул тууралуу Бажы басма сөз кызматы билдирди.

«К.М.М» убактылуу сактоочу кампасынын аймагынан 24 тонна кондитердик апийим жүгү кармалган. Буга чейин алынган оперативдик маалымат боюнча жана бажы көзөмөлүнүн жүрүшүндө, тамак-аш апийиминин арасынан жалпы салмагы 6 тоннадан ашык баңги заттык активдүү апийим алкалоиддери камтылган апийим саманы катылгандыгы аныкталган.

Апийим саманы баңги зат болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтууга тыюу салынган. Баңгизаттардын так салмагын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалат.

Белгилей кетсек, бажы кызматы тарабынан тарыхында биринчи жолу бир учурдун алкагында баңги каражатынын өзгөчө ири партиясын алып келүүгө бөгөт коюлду.

Бажы басма сөз кызматы
Фото Бажы басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх